Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектеби Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында жайгашкан. Билим берүү мекеме катары 1955-1956-окуу жылы 1-Май айылынан Суусамыр айылына которулган. Учурдагы мектептин имараты 1984-жылы курулуп,ишке киргизилген. Мектептин жалпы:18127 кв.м., үч кабаттуу,проекттик кубаттуулугу: 624 окуучуга ылайыкталган. 2018-жылы жылытуу системасы электроконвекторлор менен жаңыртылган. Айылда  613 үй чарбасы катталып, туруктуу калкы-3291 адам Мектептин микроучастогунда толугу менен кыргыз улутундагы Кыргыз Республикасынын жарандары жашайт. Окууга микроучастокто катталган балдардын баардыгы тартылган, 2021-2022-окуу жылында жылында 438 окуучу алууда.Баардыгы 19 класс-комплект, «Наристе» программасы боюнча 2 даярдоо классында 42 бала окуп жатат. Мектепте 36 мугалим эмгектенип жатат.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

«Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектеби» мекемеси 2021-жылы институционалдык аккредитациядан өттү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 31-декабрындагы №2250/1 буйругунун негизинде өткөндүгүн тастыктаган сертификатка ээ болду. Сертификаттын мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрына чейин № VI210002726, каттоо номери 0210-IB2021.

«Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектеби» мекемеси 2021-жылы программалык аккредитациядан өттү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 31-декабрында №2249/1 буйругунун негизинде  өткөндүгүн тастыктаган сертификатка ээ болду. Сертификаттын мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрына чейин № VS210002414, каттоо номери 0232-PB2021.

2022-жылы 21-майда Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин башкы демөөрчүсү Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович мектептин эң жакшы окуган окуучуларына стипендия тапшырды. Агай өз сөзүндө окуучуларга, ата-энелерге , мектеп жамаатына  жакшы каалоо айтып, акыл-насаатын бөлүшүп, тарбия -үйдөн, таалим -мектептен» экенин баса белгиледи.